Бишкектин Сүйөркулов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды
- 2 месяца мурун
Бишкектеги Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши, ошондой эле Сүйөркулов көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн 100-150 метр аралыгы убактылуу жол кыймылы үчүн жабылды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Көчө бүгүн, 25-апрелде, саат 18:00дөн 26-апрель, саат 9:00гө чейин жабылышы пландаштырылууда.
Бул жерде суу түтүгүн алмаштыруу үчүн курулуш жана орнотуу иштери жүргүзүлөт.
«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы борбор шаардын тургундарынан жана меймандарынан убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну жана маршруттарды алдын ала пландаштырууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




