Бишкектин Москва көчөсүндө тротуардын курулушу башталды
- 3 месяца мурун
«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы шаардын тротуарларын капиталдык оңдоо боюнча активдүү иштерди улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Москва көчөсүндө Жаш Гвардия бульварынан Бейшеналиева көчөсүнө чейинки тилкеде жаңы тротуар куруу иштери башталган.
Бригада эски асфальтты демонтаждоо, ошондой эле ирригациялык системаны орнотуу үчүн негизин даярдоо, ирригация системасын орнотуу иштерин жүргүзүүдө.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




