Бишкектин Ленин районунда жаңы аянт ачылды

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Алтымышев жана Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы аянт ачылды.

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жаңы аянт волейбол жана баскетбол аянтчалары, балдар аянтчасы, воркаут зонасы, шахмат столу менен жабдылган. Аянттын жалпы аянты 0,972 гектарды түзөт.

Бүгүнкү күндө аянттын аймагын көрктөндүрүү боюнча бардык курулуш-монтаждоо иштери бүткөрүлүп, объектти кабыл алуу жана эксплуатациялоочу уюмдун балансына өткөрүү боюнча документтер түзүлүүдө.

Курулуш иштерин «БМ Ассист» уюму жүргүзгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты