Бишкектин Фрунзе жана Чыңгыз Айтматов көчө кесилиши оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

  • 3 недели мурун

21-июндан 12-июлга чейин борбор шаардын Фрунзе жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Оңдоо иштеринин мөөнөтү — 21 күн.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Учурда “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан жылуулук өткөрүүчү негизги түтүктү оңдоп жатат. Оңдолуп жаткан тилке Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин созулуп, жалпы узундугу 500 метрди түзөт.

Жаңыртуу иштеринде түтүктөрдүн диаметри 900 ммден 1000 ммге чейин кеңейтилет. Бул тилке 1971-жылдан бери иштеп келген жана пайдалануу мөөнөтү бүтүп, тез арада алмаштырууну талап кылат.

Бишкек шаарынын мэриясы жолдордо тыгындарды болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспортту пайдаланууну өтүнөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты