Бишкектин Фрунзе-Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
- 11 месяцев мурун
Бишкек шаарында 7-августтан 14-августка чейин Фрунзе көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши жабылат.
Бул тууралуу борбор шаарлын мэриясы кабарлады.
Белгиленгендей, атлган көч кесилишинде жылуулук тармагын алмаштыруу иштери жүрөт. Пландаштырылган оңдоо иштеринин алкагында Фрунзе көчөсүнүн Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки аралыгында узундугу 1600 метр түтүктө оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Маалыматта айтылгандай, 1971-жылдан бери же 54 жыл иштеп келген жылуулук тармактар эскилиги жетип, колдонуу мөөнөтү аяктагандыктан, шашылыш алмаштырууну талап кылат.
“Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле жасап, жол каттамын алдын ала пландап алууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




