Бишкектин экс-вице-мэри Максатбек Сазыкулов эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду
- 5 месяцев мурун
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Максатбек Сазыкулов эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду.
Бул тууралуу чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. Анын бөгөт чарасы тергөөчүнүн өтүнүчүнө байланыштуу канааттандырылган.
Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 14-апрелде кармалганы маалымдалган. Мурдагы вице-мэр муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз берүү ишине байланыштуу кармалганы белгилүү болгон.
Сүрөттө: Максатбек Сазыкулов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү