Бишкектин бир катар конуштарында 3-мартта суу убактылуу өчүрүлөт

  • 2 месяца мурун

3-мартта Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында  саат 10:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Суу берүү “Энесай” суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу  убактылуу токтотулат.

«Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Бишкектин бир катар конуштарында 3-мартта суу убактылуу өчүрүлөт

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты