Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

  • 10 месяцев мурун

Бишкекте 26-августта саат 10:00дөн 24:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Чүй проспекти — Гоголь көчөсү — Огонбаев көчөсү — Осмонкул көчөсү

Суу берүү насостук станцияны реконструкциялоого байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасы  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты