Бишкектин Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында 1-апрелден баштап, Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү — Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жолдорду калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, долбоорго жолду кеңейтүү, жаңы тротуарларды орнотуу, жаңы сугаруу системасын куруу жана эки катмар асфальт-бетон төшөө кирет.

Бишкек мэриясы шаардыктарды убактылуу ыңгайсыздыктаргаы түшүнүү менен кабыл алууну, барар багытты алдын ала пландаштырууну жана альтернативдүү маршруттарды колдонууну суранат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты