Бишкектин “Ала-Арча -3” конушунда убактылуу суу өчүрүлөт
- 1 месяц мурун
Бишкекте эртең, 11-мартта, саат 09:00дөн 17:00гө чейин “Ала-Арча-3” конушундагы турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Суунун убактылуу өчүрүлүшү — суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирүүлөрдү алып туруңуз.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




