Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу болбойт
- 12 месяцев мурун
Бишкек шаарында 3-июлда саат 10:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
— Алыкулов көчөсү – Лев Толстой көчөсү – Патрис Лумумбы көчөсү — Мурман көчөсү.
Таза суу Чайковский көчөсүндөгү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу токтотулат.
“Бишкек суу канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




