Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт

  • 5 месяцев мурун

Бишкекте 19-августта саат 10:00-24:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүү району: Токтоналиев–Гшлиессер –Миңжылкиев–Сагындыков көчөлөрү–Масалиев проспектиси менен чектешет.

Ичүүчү суу диаметри 300мм. болгон суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкек суу канал»  ишканасы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты