Бишкектин айрым жерлеринде 17-февралда суу убактылуу өчүрүлөт
- 4 недели мурун
17-февралда саат 09:00дөн 15:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
“Жеңиш” турак жай конушу
Суунун өчүрүлүшү “Жеңиш” турак жай конушундагы «Жеңиш» суу топтомосунда авариялык-оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




