Бишкектин айрым райондорунда суу убактылуу өчүрүлөт

  • 3 месяца мурун

Бишкектин “Көк-Жар” суу алуучу жайында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу, 20-ноябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү аймагы “7-Апрель” – “Улан-2” кичи району – Аламүдүн суусу – Скрябин атындагы көчө – Юнусалиев көчөсү – Горький көчөсү – 7-Апрель көчөсү.

«Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын жана уюмдарды керектүү көлөмдө ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты