Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- 3 месяца мурун
11-мартта Бишкек шаарынын Анкара көчөсү – Горький көчөсү, Аламүдүн суусу, темир жол тилкеси — Октябрь көчөсү менен чектешген турак үй, мектеп, балдар бакчалары, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде саат 9.00дөн 15:00 гө чейин ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Суунун убактылуу токтотулушу «ХБО» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү