Бишкектин айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

  • 1 неделя мурун

Кыргызстанда 4-июндан 6-июнга чейин Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өтөт. Буга байланыштуу Бишкек шаарында жолдун айрым тилкелеринде убактылуу транспорт кыймылына чектөө киргизилет.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди  

Иш-чара мамлекеттик деңгээлде чет өлкөлүк делегациялардын катышуусунда өткөрүлөт.

Буга байланыштуу Бишкек шаарында жолдун айрым тилкелеринде убактылуу транспорт кыймылына чектөө киргизилет. Чектөөлөр төмөнкү маршруттар боюнча каралган:

— Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин («Манас» эл аралык аэропортунун жолу);

— Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;

— Манас проспектисинен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;

— Байтик Баатыр көчөсү.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты