Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу убактылуу өчүрүлөт

  • 3 месяца мурун

Эртең, 23-июнда, саат 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы:

Достоевский көчөсү — Анкара көчөсү — Ауэзов көчөсү — темир жол линиясы.

Ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында суу берүү токтотулат.

Суу контррезервуар топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу убактылуу өчүрүлөт



«Бишкек суу канал» ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты