Бишкектин айрым бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлөт
- 5 месяцев мурун
Бишкекте 28-майда саат 09:00дөн 23:00гө чейин турак жай имараттарында, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Өчүрүү аймагы: Куланак көчөсү – Молдокулов көчөсү – Куйручук көчөсү – Ахунбаев көчөсү.
Ичүүчү суу суу түтүгүндө авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан, тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




