Бишкектин айрым бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт

  • 3 недели мурун

30-июнда саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Ибраимов көчөсү – Чүй проспекти – Төрөкул Айтматов көчөсү – Жибек — Жолу проспекти – Осмонкул көчөсү – Фрунзе көчөсү – Сүйүмбаев көчөсү – Фрунзе көчөсү.

Осмонкул жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бурама тээкти  алмаштыруу иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

«Бишкек суу канал» ишканасы ишканаларды,  шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирүүлөрдү алып туруңуз.

Бишкектин айрым бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты