Бишкектеги жолбун иттер маселеси: Мэрия атайын жай куруу чоң чыгымды талап кылаарын билдирди  


Жолбун иттердин санын жөнгө салуу иштери «Тазалык» ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.  

Бул иштер 1995-жылдын 25-апрелиндеги №169 Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын токтомуна жана 2007-жылдын 11-сентябрындагы Саламаттык сактоо министрлигинин чечимине ылайык ишке ашырылат.

Аталган министрликтин 2007-жылдын 11- сентябрындагы №26 чечимине ылайык, жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында жолбун иттер менен мышыктарды туруктуу негизде кармоо жана атуу иштерин уюштуруу сунушталган. Бул чаралар жарандарды жаныбарлардын агрессивдүү жүрүм-турумунан коргоо жана жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучун азайтуу үчүн кабыл алынат.

Аталган министрликтин №26 чечимине ылайык, жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында жолбун иттер менен мышыктарды туруктуу негизде кармоо жана атуу иштерин уюштуруу сунушталган.  Бул чаралар жарандарды жаныбарлардын агрессивдүү жүрүм-турумунан коргоо жана жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучун азайтуу үчүн кабыл алынат.

Каржылоо боюнча 7 миллион сом тууралуу төмөнкүлөрдү билдиребиз: жылына орто эсеп менен 12 миңге жакын кароосуз жаныбар боюнча жүргүзүлгөн иштерди эске алганда, бир жаныбарга кеткен орточо чыгым жылына болжол менен 583 сомду түзөт. Бул суммага атайын бригаданын чыгышы, күйүүчү-майлоочу материалдар, кызматкерлердин эмгек акысы, жабдуулар менен транспорт каражаттарынын эскириши, ошондой эле утилдештирүү чыгымдары кирет.

Атайын жай түзүү сунушу боюнча белгилей кетсек, мындай жайды куруу жана кармоо алда канча чоң бюджеттик чыгымдарды талап кылат.

Ошол эле учурда мэрия үй жаныбарларын багуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин да карап жатат. Алардын ичинде милдеттүү каттоо жана вакцинация талаптары бар. Бул чаралар кароосуз жаныбарлардын санын кыскартууга багытталганын Бишкек мэриясы билдирди.

Социалдык тармактарда Бишкек шаарында жолбун иттерди атуу көрүнүштөрү сынга алынып келет.

Иллюстрациялык сүрөт: Mila Grabowski / Медиазона

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты