Бишкекте жаңы автобустук каттам иштей баштады (карта)
- 2 года мурун
Борбор калаада 31-октябрдан тарта жаңы №101 автобустук каттам иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, линияда 22 автобус иштейт жана алар 10-14 мүнөт аралыкта жүрүшөт. Автобус Чоң-Арык айылынын баштап, шаардын ичинде айланма жол менен жүрөт.

Сүрөт: интернет булагы
Муну бөлүшүү




