Бишкекте Өзбекстан-Кыргызстан футболдук беттеш ачык асманда көрсөтүлөт
- 1 год мурун
Бишкекте Өзбекстан-Кыргызстан футболдук беттеш ачык асманда көрсөтүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-мартта саат 19:00дө Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта футбол күйөрмандары үчүн Өзбекстан – Кыргызстан көчмө беттешин көрүү үчүн ачык асман алдында “Легенда” фан-зонасы уюштурулат.
«Шаардыктарды жана борбор калаанын меймандарын кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы кызыктуу шоу-программа күтөт. Иш-чарага кирүү акысыз, күйөрмандар зонасы 19:00дө ал эми оюн 22:00дө башталат.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз футбол союзу жана анын өнөктөштөрү менен биргеликте уюштурууда», — деп жазылат маалыматта.
Муну бөлүшүү




