Бишкекте туристтик фестиваль өттү

Бишкекте, Кара жыгач багында 30-майда өткөн туристтик фестивалга 5000дей мейман жана шаар тургундары келди.

Фестиваль  шаардык мэриянын жардамы менен Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы жана Сан хаус уюму тарабынан уюштурулду.

Фестивалдын негизги катышуучулары туристтик фирмалардын өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, билим берүү жана маданий мекемелеринин өкүлдөрү болду.

Иш-чарага Бишкек, Ош, Алай, Каракол, Нарын жана башка аймактардан туроператорлор катышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты