Бишкекте техникалык тейлөө борборундагы өрттөн төрт унаа күйдү
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Алма-Ата көчөсүндө техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 16:03тө өчүрүлгөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Баштапкы боюнча өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн жана 4 унаа күйүп кеткен.
Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Алма-Ата көчөсүндө техникалык тейлөө борборунда (СТО) өрт чыкты.
Өрттү өчүрүүгө саат 14:15те бир бөлүм, саат 14:25те бир бөлүм жана 14:38де дагы бир бөлүм тартылган.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү