Бишкекте түнкү жарыш — Night Run өткөрүлдү

Бишкек шаарында 14-июнда саат 20:30 дан 23:00 чейин түнкү жарыш — Night Run өткөрүлдү.

Бул жарышта Түштүк магистралдагы Жайыл баатыр көчөсүнүн бир тарабынан, Шералиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнүн чыгыш тарабына чейинки аралыкта чуркашты.  

Жарышка бардык курактагы жана даярдыктагы спорт ышкыбоздору катышты. Анда 25 өлкөдөн 3 миңден ашык жөө күлүк 5, 10 чакырым аралыкка чуркашты.    

Түнкү жарыштын Night Run максаты өлкөдө спорттү өнүктүрүү, калың элди дене тарбия активдүүлүгүнө чакыруу болуп саналат.

Иш-чараны “Номад спорт” коомдук бирикмеси, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт жана туризм департаменти уюштурду.  

Бишкекте түнкү жарыш - Night Run өткөрүлдү

Сүрөттөр: «ПолитКлиниканын» окурмандары тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты