Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлор кеңешинин жыйыны өтүүдө

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 23-октябрда, Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлор кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.   

Анда КР тышкы иштер министринин орун басары А. Молдогазиев сөз сүйлөп, ШКУ уюмунун ишине жогору баа берди.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлор кеңешинин күн тартибинде 22 пункт бар, ал негизинен 26-октябрда Бишкекте боло турган ШКУга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынында кол коюуга бериле турган документтерден турат.

Жыйын 26-октябрга чейин улантылат.  

Сүрөт: ТИМ.      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты