Бишкекте Mercedes Sprinterдин айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 30-январда Бишкекте Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Алган жаракаттарынан улам 46 жаштагы жөө жүргүнчү ошол жерде жан берген. Бул тууралуу 24.kg Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына шилтеме берип, жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Бишкектин Алыкулов көчөсүндө болгон. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Милициянын Патрулдук кызматынын кызматкерлери качып кеткен шектүүнү Масалиев жана Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде кармашкан. Ал Mercedes-Benz Sprinter 211 жүк ташуучу унаасынын 47 жаштагы айдоочусу экендиги аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: 24.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты