Бишкекте мектеп окуучусу ур-токмокко алынып, апасы Акыйкатчыга кайрылды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарындагы №13 мектеп гимназиясынын ата-энелери акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, мектеп жашындагы балдары өзүнөн улуу балдар тарабынан ур-токмокко алынганын билдиришти. Алар балдарынын укуктарын коргоп берүүнү өтүнүштү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Ата-энелердин биринин айтымында, 22-декабрда анын 11 жаштагы баласын андан эки жаш улуу бала кармап алып, ур-токмокко алган. Мындан улам баланын баш мээси чайкалып, ооруканага жатып чыккан.

«“Мен эки баламды 22-декабрда кафеге алып барып, курсактарын тойгузуп, ийримге жөнөткөм. Балдарым 9 жана 11 жашта. Алар менен чогуу дагы эки досу бирге кетишкен. Аларды жолдон бир мектепте окуган, эки жаш улуу бала кармап, колдорундагы пицца жана таттуулары салынган баштыктарын тартып алып, акча талап кылыптыр. Улуу баламды ур-токмокко алган. Баламдын баш мээси чайкалып, ооруканга жатып чыктык”, — деп айтып берген балдардын апасы И.Ж. Ал бул тууралуу 25-декабрда милицияга арыз жазганын кошумчалаган.

Институт акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.

«Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүү максатында Ички иштер министрлигине, Билим берүү министрлигине жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кат жолдоду»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоого, аларды зомбулуктан, ырайымсыз, одоно мамиледен жана алардын укуктарын, эркиндиктерин басмырлаган башка аракеттерден коргоого чакырган. «Жеткинчектер арасындагы рэкетчиликке кош көңүл карабай, бүгүнкү күндүн орчундуу маселеси катары мамиле жасаш керек. Мындай көрүнүштөрдүн канчалык кооптуу экенин балдарга түшүндүрүү иштерин жакшыртуу зарыл”, — деген ал.

Сүрөт: Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты