Бишкекте «Manas Tower-45» комплекси курулат

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, Бишкекте көп функциялуу «Manas Tower 45» мейманкана комплексинин курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта президенттин басма сөз кызматы мындай комплекс Бишкек шаарында биринчи ирет курулуп жатканын белгиледи.  

Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянты жана жер алдында 600 жеңил машинага ылайыкташкан автотоктотмо болот.

Курулушу 2,5-3 жылда бүтөрү пландалып жатканы айтылды. Бирок курулушка чет элдик кайсы инвесторлор тартылганы ачыкталган жок.

Имараттын үстүндө тик учак коно турган жана панорама аянтчасы да болору белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты