Бишкекте майрамдык иш-чара Усубалиев атындагы аянтта уюштурулду

  • 4 недели мурун

Нооруз майрамына карата Бишкек шаарындагы  Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өткөн майрамдык иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. 

Министрлер кабинетинин төрагасы жарандарды жаз майрамы менен куттуктады.

«Нооруз кылымдап келе жаткан салтты, маданияттагы көп түрдүүлүктү сактайт жана жакындаштырат. Ала-Тоо койнунда жашаган көп улуттуу элибиздин коломтосунан от, дасторконунан  кут кетпесин» деди Министрлер кабинетинин төрагасы. 

Ошондой эле аянтта улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук оюндар, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын жарманкеси уюштурулду.

Бишкек шаардык мэриясынын билдирүүсү боюнча, быйылкы жылы майрамдык иш-чаралар Турдакын Усубалиев атындагы аянтта саат 10:00дөн 19:00гө чейин белгиленет.

Бишкекте майрамдык иш-чара Усубалиев атындагы аянтта уюштурулду

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты