Бишкекте кампадан өрт чыкты

Бишкекте Ленин районундагы Сыдыгалиев көчөсүндөгү кампадан алоолонгон өрт чыкты. Бул тууралуу маалымат өрткө каршы-куткаруу кызматына түнкү саат 03:45те түшкөн.

Өрттүн болжолдуу аянты 1500-1800 чарчы метрди түздү. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, өрт-өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин натыйжасында  450 тонна жер семирткич, 300тонна тамак-аш тузу, 80 тонна өсүмдүк майы, 30 тонна – гречка, 10 тонна күрүч сакталып калды.

Тилсиз жоо саат 07:20да чектөөгө алынып, өчүрүлгөн.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты