Бишкекте кампадан өрт чыкты (Видео)

Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу Көлмө конушунун Жаз көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Өрттү өчүрүүгө  7 өрт өчүрүүчү бөлүм,  суу ташуучу унаа, штаб, ыкчам топ тартылган.

Өрт саат 08:08 чектөөгө алынып, толук өчүрүү иш чаралары уланууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты