Бишкекте иштеген 400 дөн ашык чет элдик студенттердин иши токтотулду

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасында иштеген 400дөн ашык чет элдик студенттердин иштеши токтотулган.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын  ички иштер башкы башкармалыгынын мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк студенттердин катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын да көбөйгөндүгү себеп болгон.

Бишкек шаарында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасында жеткирүү кызматтарында иштеп, мобилдик транспортторду колдонгондордун жол кыймылынын эрежелери , чет элдик жарандардын өзүн алып жүрүү тартибин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, жыйынтыгында 400дөн ашык чет элдик студенттердин иштеши токтотулган.

12-апрелден бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында ишмердүүлүктүн ар кандай чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандар аныкталган. Кыргыз Республикасынын аймагында  жашоо же иштөө эрежелерин бузгандыгы үчүн КР 431-беренесине (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуунун, иштөөнүн же транзиттин белгиленген эрежелерин бузуусу) ылайык, 225тен ашык протокол түзүлгөн жана 1 млн 248 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынган.

Сүрөт: Бишкек ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты