Бишкекте ичүүчү суу өчүрүлөт

  • 6 месяцев мурун

Бишкекте 29-июлда саат 10:00 — 20:00 чейин бир катар турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Өчүрүү району:
10 – кичи район, Апсамат Масалиев –Чыңгыз Айтматов проспекти –  Садырбаев көчөлөрү; Масалиев –Ч. Айтматов пр. – Токтоналиев – М. Гшлиессер көчөлөрү менен чектешет.

Диаметри 500 мм болгон резервуарларды оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкекте ичүүчү суу өчүрүлөт


«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты