Бишкекте эстелик орнотууга чектөө киргизүү сунушталууда

  • 2 года мурун

«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемеси шаардын борбордук бөлүгүнө айкел, мемориалдык такта сыяктуу эстеликтерди орнотууну чектөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мекеме Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине эстелик орнотууга мораторий жарыялоону сунуштаган расмий кат жиберди.

«Шаардын борборунда белгилүү адамдардын айкелдери өтө көп болуп кетти. Алардын баарын батыруу, тазалоо жана карап, оңдоп турган атайын мекеме жок. Албетте, коомго эмгеги сиңген адамдардын атын даңазалоо маанилүү, бирок азыр орун калбай калды. Азыркы тапта коомдук уюмдар, жеке адамдар кимдир бирөөнүн атын түбөлүк калтырууну көздөп, шаарга эстелик орнотуу арызы менен көп кайрылууда. Айрыкча Эмен багы, Панфилов паркы жана Эркиндик бульварына айкел койгусу келгендер көп. Айкел орното берсек, балдар ойногон аянтчалар, жашыл зоналар калбай калат», — деп айтылат маалыматта.

Шаардын архитектуралык түзүлүшүнө жооптуу мекеме көп эстеликтер сапатсыз жасалып, бат эле бузулуп жатканын маалымдайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты