Бишкекте эртең ысык суу бир айга өчүрүлөт

  • 11 месяцев мурун

Эртең, 22-майдан 22-июнга чейин Бишкек шаарында ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта ысык суу жыл сайын өткөрүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу жана жылуулук түйүндөрүн жылуулук мезгилине карата даярдоо максатында өчүрүлүп жатканы айтылат.

Мэрия шаар тургандарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурап, ысык суунун өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты