Бишкекте энергия үнөмдөөчү прожекторлор орнотулууда

  • 4 месяца мурун

«Бишкек Парк» соода-оюн-зоок борборунун жанында «Project Vision Al» компаниясы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында архитектуралык жарыктандырууну, энергия үнөмдөөнү жана санариптик инфраструктураны айкалыштырган инновациялык «акылдуу» прожекторлор орнотулууда.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Прожекторлорду «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери орнотууда. Бүгүнкү күнгө чейин сегиз көчө жарыктандыруу мамысы жана сегиз прожектор орнотулган.

Жаңы жабдуулар заманбап системалар менен камсыздалып, кошумча кызмат көрсөтүүгө ылайыкталган. Прожекторлор күн панелдери, шамал генераторлор жана борборлоштурулган электр тармагы аркылуу иштеп, энергияны үнөмдөөнү жана автономдуу иштөөнү камсыз кылат.

«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын адистери Wi-Fi тармагын туташтырып, жасалма интеллект элементтери бар видеокөзөмөл  камераларын орнотууда.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты