Бишкекте “Эне үйү” ресурстук борбору ачылды
- 1 год мурун
Бишкек шаарында энелер жана алардын балдарына арналган “Эне үйү” ресурстук борбору ачылды.
Бул тууралуу “Эне үйү” ресурстук борбордун регионалдык директору Назгүл Турдубекова Фейсбук баракчасында билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган борбор Mothers Home International Foundation (MHIF) аттуу эл аралык жеке фонддун колдоосу менен түзүлүп, оор кырдаалда калган аялдарды колдоого багытталган маанилүү социалдык демилге болуп саналат.
Борбордун максаты— социалдык жетимдиктин алдын алуу, жаңы төрөлгөн ымыркайлары бар энелерге ар тараптуу жардам көрсөтүү, аялдардын укуктарын калыбына келтирүү жана алардын өз алдынча жашоосуна көмөктөшүү.
Борбор аркылуу аялдар төмөнкүдөй жардамдарды алышат: убактылуу коопсуз турак жай, психологиялык жана юридикалык жардам, документтерди калыбына келтирүүгө колдоо, жумушка орношууга жана коомго адаптацияга жардам.
«Эне Үйүнүн» ачылышы – оор кырдаалга кабылган аялдар менен балдарды туруктуу, гумандык жана системалуу колдоо системасын түзүү жолунда маанилүү кадам болуп, өлкөнүн социалдык саясатынын өнүгүшүнө чоң салым кошору айтылууда.
Сүрөт: Социалдык тармактан




