Бишкекте эки унаа өрттөнүп, үйгө да өттү
- 3 года мурун
16-февралда Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Кара-Жыгач конушунун, Кожояр көчөсүндө жайгашкан короодо турган эки “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү унаа күйгөн.
Өрт турак үйгө да өткөн, үйдүн от жагуучу бөлмөсүнүн 8 чарчы метр чатыры күйгөн.
Өрттөн жабыркагандар жок. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү