Бишкекте чайканадан өрт чыкты
- 2 months мурун
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Бакаев көчөсүндө жайгашкан чайканадан өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө саат 11:04төн тарта 3 күжүрмөн эсеп, штаб тартылган. Өрт саат 11:33дө чектөөгө алынып, 12:58де толук өчүрүлдү.Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам, чайканага жакын жайгашкан 2 турак үй сакталып калды. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Сүрөт: ӨКМ.
Муну бөлүшүү