Бишкекте Борбор Азия — Корея бизнес форуму өтөт
- 1 неделя мурун
4-5-декабрда Бишкек шаарында «Корея жана Борбор Азиянын экономикалык кызматташтык аянтчасы 2025» аттуу бизнес-форум өтөт.
Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Иш-чаранын уюштуруучулары: Кореянын соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин колдоосу менен KOTRA – Кореянын соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттиги жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз экспорт» борбору, Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен «Д.Дистрибьюшн» компаниясы. Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчилиги, Соода-өнөр жай палатасы жана «Дордой Страхование» компаниясы.
Иш-чарага Кореянын Кыргыз Республикасындагы элчиси, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын рынокторуна экспортко багытталган корей компаниялары, дистрибьюторлор, чекене сатуучулар, логистикалык операторлор жана консалтинг компаниялары катышат.
Иш-чаранын максаты – чакан жана орто бизнестердин сатуунун каналдарына чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жөнгө салуу, сертификация, логистика боюнча маалымат алуу, ошондой эле корей-кыргыз өнөктөштүгүн бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.
Бул аянтча ата мекендик ишкерлерге корей компаниялары менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстандын бизнеси менен көп форматтагы жолугушууларды уюштурууга мүмкүнчүлүк берери айтылат.
Бизнес-форумдун биринчи күнү 4-декабрда, Бишкек шаарындагы «Шератон» мейманканасында («Бишкек холл» залы) өтөт. Экинчи күнү 5-декабрда «Дордой Плаза» соода борборунун 2-кабатында керектөөчү товарлардын Корея—Борбордук Азия биргелешкен промо-көргөзмөсү өтөт. Иш-чарада корей товарлары кенен аудиторияга, сатып алуучуларга сунушталып, товардын үлгүлөрүн чекене сатууга жана өндүрүүчүлөр менен түз баарлашууга шарт түзүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




