Бишкекте автобус оңдоочу борбор ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы автобус оңдоо жана техникалык тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышына, ошондой эле «Zhongtong”компьютердик томографиялык медициналык унаасын тапшыруу аземине катышты.

Иш-чараларга Кытайдын Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У, Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана “Zhongtong bus” компаниясынын жетекчилиги катышты.

Тейлөө борбору борбор шаардын бардык автопарктарын тейлей турганы, ал эми тетиктерин оңдоо жана алмаштыруу иштери кыска мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөрү, бул линиядагы автобустардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүнү тездете турганы белгиленди.

МинКаб төрагасы кытай автобустарын колдонуунун буга чейинки кейиштүү тажрыйбасын эске алуу менен тейлөө борборунун иштеши өтө зарыл болгонун белгиледи.

Автотомограф сыноодон өтөрүн, эгер ал сыноодон ийгиликтүү өтсө, кыргыз тарап бул медициналык аппараттарды кошумча көлөмдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карай турганын белгиледи.

Акылбек Жапаров ошондой эле кытайлык мектеп автобустарын сынап көрүүгө кызыкдар экенин билдирип, Министрлер Кабинети борбордо ушундай автобустарды чыгарууну пландап жатканын белгиледи.

Борборго 250 автобус келди, алар борбор калаанын көчөлөрүндө иштеп жатат, дагы 250 автобус 2023-жылдын аягына чейин келет, калган 500 автобус Кыргызстанга 2024-жылы алынып келет.

Бишкекте автобус оңдоочу борбор ачылды
Бишкекте автобус оңдоочу борбор ачылды
Бишкекте автобус оңдоочу борбор ачылды
Бишкекте автобус оңдоочу борбор ачылды
Сүрөттөр: Бишкек шаарынын мэриясы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты