Бишкекте №80 жаңы автобус каттамы ачылды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарында 2025-жылдын 22-апрелинен тартып,  жаңы №80 муниципалдык автобус каттай баштайт.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Аталган каттам 12-кичи райондон баштап, борбор шаардын 40тан ашык аялдамасын камтыйт.

Жаңы каттам Фрунзе, Токомбаев, Ахунбаев, Байтик Баатыр, Сүйүмбаев жана Сүйөркулов көчөлөрү менен жүрөт.

Каттамда «Zhongtong» жана «Golden Dragon» автобустары иштейт жана интервал 10-15 мүнөттү түзөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты