Бишкекте 28-декабрда жоголгон өспүрүм табылды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарында 28-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүм жигит 5-январда аман-эсен табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 28-декабрда Свердлов райондук милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, анын 2010-жылы туулган М.И. аттуу уулу ошол эле күнү болжол менен саат 16:30дарда Аламүдүн-1 кичирайонундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирип, жардам сураган.
Мындан улам аталган өспүрүмдү издөө боюнча ыкчам иштер жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, 5-январда Бишкек шаарындагы Свердлов районунун аймагынан жогоруда аталган өспүрүм аман-эсен табылган.
«Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда. Жашы жете элек М.И. менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ата-энесине тапшырылды»,- деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы