Бишкекте 11-кичирайондо эки кабаттуу үйдүн бастырмасынан өрт чыкты     

Бүгүн, 17-мартта, Бишкектин Октябрь районунун 11-кичи районунда жайгашкан эки кабаттуу турак үйдүн бастырмасынан өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө саат 09:35те Октябрь районунан эки бөлүм тартылган.Өрт саат 10:43тө толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.

Тилсиз жоонун кесепетинен бастырманын 55 чарчы метр чатыры, ичиндеги муздаткыч, темир станоктор, кир жуугуч машина өрттөнгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр бастырмадан чыккан өрттүн жалынын эки кабаттуу үйдүн чатырына жана дубалына өткөрбөй сактап калган.

Өрттүн себеби такталып жаткандыгы айтылды.  

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты