Бишкек: суу таңсык болгон конуштарда сууга төлөм кайра эсептелет

  • 10 месяцев мурун

Бишкек шаарынын суу таңсыктыгы жаралган конуштарында сууга төлөм кайра эсептелет.

Бул тууралуу 8-июнда мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев парламентте билдирди.

Учурда тиешелүү мекеме-органдарга буга байланыштуу тапшырмалар берилгенин айтты. Шамыралиев бул канча абонентке тиешелүү болорун, төлөм канчага азаярын тактаган жок.

Мунун алдында Жогорку Кеңештин тармактык комитети 8-июнда кезексиз жыйынга чогулуп, Бишкектеги суу таңсыктыгын чечүү үчүн 150 миллион сом бөлүп берүүнү колдоду.

Жыргалбек Шамыралиев бул көйгөйдү чечүү үчүн 500 миллиондой сом керектигин билдирген. Анда жаңы суу топтомо жайларын курууга жер керектигин, учурда трансформациялоо маселесин чечүүгө аракет жасалып жатканын маалымдаган.

«Бизге «Башкарасуу» суу топтогон жайынын жанынан төрт гектар, «Сельский» суу топтогон жайынын жанынан дагы үч гектар, ал эми «Контррезервуар» жайынын жанынан дагы төрт гектар жер керек. Бир суу топтогон жайды куруу үчүн болжол менен 150 милилондон сом сарпталат, ошондуктан жалпысынан 500дой миллион сом керек», — деген Шамыралиев.

Бишкектеги Арча-Бешик конушунда суу тартыштыгына нааразы болгон ондогон адам 7-июнда акцияга чыккан. Алар кыска убакытка жолду тосуп, кайра ачкан. Конуштун тургундары бир канча күндөн бери таза суу берилбей жатканын сынга алып, маселенин чечилишин талап кылган.

Шаарда күн ысыгандан бери айрым райондун тургундары бир нече күндөн бери суу чыкпай жатканына даттанууда.

Мэрия таза суунун жетишсиздигинен рейд жүрүп, борбордо сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана автоунаа жуучу жай убактылуу жабылганын 3-июнда кабарлаган.

Мэриянын маалыматына караганда, Бишкекти таза суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу алгычы камсыздайт. Анын 40% ашыгы Орто-Алыш суу алгычынан келет. Орто-Алыш суу алгычында жер астындагы суунун деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн. Мындан тышкары мөңгүлөр жай эрип жатат. Мэрия калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн иштер жүрүп жатканын кошумчалаган.

Шаар бийлиги акыркы жылдары өзгөчө жай мезгилинде калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кеткенин билдирген.

Мекеме таза суунун тартыштыгын эл сууну чарбалык аянттарын сугарууга жумшап жана сарамжалсыз пайдаланганына байланыштырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты