Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

  • 12 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы К.Ж.С.нын катчысына сексуалдык асылуу фактысын аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун катчысы тарабынан, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыш жасоо жолуна түшкөн Кыргыз Республикасынын судьясы К.Ж.С.га чара көрүү өтүнүчү менен арыз түшкөн.

К.Ж.С. 2025-жылдын май айынан тартып WhatsApp мессенжери аркылуу интимдик мүнөздөгү  билдирүүлөрдү жөнөтүп, ар кандай терс сунуштар менен аны сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлай баштаган.

25-июлда башкы прокурору аталган судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Судьялар кеңешине сунуштама жөнөткөн.

Териштирүүнүн жыйынтыгында, 25-июлда К.Ж.С. га кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча расмий айып тагылып, ага эч жакка кетпөө тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты