Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо сунушталууда

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат.

Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында, 14-мартта каралды.  

Аталган комитетте “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана “Борбордун статусу жөнүндө”)  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечилер – Жогорку Кеңеш депутаттары Ж.Акаев, Н.Алимжанова, Ф.Алимжанов, Ч.Айдарбеков, А.Исираилов, Г.Молдобекова, Э.Жамгырчиев.

Депутат Жанарбек Акаев мыйзам долбоорунда борбор калаанын мэрин тикелей шайлоо институтун киргизүү сунушталып жатканын белгиледи.

«Борбор шаардын мэрин түз шайлоо институтун киргизүү чыныгы демократияны орнотууну жана элдик бийликтин конституциялык принциптерин ишке ашырууну камсыздоого багытталган олуттуу саясий чечим болуп саналат жана башкаруу системасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Борбордун жашоочулары жетекчисин тикелей шайлоо аркылуу шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Келечекте бул тажрыйбаны республиканын бардык шаарларына жайылтууга болот» деп баса белгиледи Жанарбек Акаев.

Учурдагы мыйзам боюнча Бишкек шаарынын мэри шаардык депутаттар тарабынан шайланат.

Сүрөттө: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты