Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат
- 2 месяца мурун
Мурда маалымдалгандай, 3- апрелде саат 10:00 — 24:00 чейин Бишкекте бир катар турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат.
Өчүрүү төмөнкү көчөлөрү менен чектелет: Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Боронбай, Көпүрө-Базар, Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, «Рабочий Городок», Жер иштетүү илимий-изилдөө инситут», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана «Тенир-Тоо» конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).
Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.
Ичүүчү сууну өчүрүү «Гагарин» жана «Түштүк-Батыш» суу топтоморунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан