Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

  • 3 месяца мурун

27-октябрда саат 10:00дөн 19:00гө чейин турак жай имараттарына, мектеп, балдар бакчалары, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
— Чыңгыз Айтматов проспектиси – Айни көчөсү – Водопровод көчөсү – Сухомлинов көчөсү – Водопровод көчөсү – Целинная көчөсү – Политех көчөсү – Таш-Көмүр көчөсү.
— эски аэропорт аймагы, “Ак-Кеме” мейманканасы.

Суу магистралдык суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.

«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана  ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты